«Тынчтык» корпусу уюштурган «Жаңы муун» долбооруна «Соң-Көл» орто мектебинен 10 окуучудан түзүлгөн «Келечек» командасы катышкан. Алар 1 ай бою онлайн окуудан өтүп, июнь айынын башында өз долбоорлорун ишке ашырышкан. Долбоорду окуучуларга «Акыл ордо» таймашын өткөрүү болчу. Кийин окуучулар алар жазган долбоор эң мыкты долбоор болгонун билишкен.
«Жаңы муун» долбоорунун кординатору Салтанат Сапарбекова борбордон келип балдарга сыйлыктарын мектеп директору менен биргеликте тапшырды. Төмөндөгү маекте Салтанат Сапарбекованын жана «Келечек» командасынын мүчөсү Сезим Акынаалы кызынын өз ойун уга аласыздар.
Айпери Марлес кызы