КРнын Министрлер кабинетинин №309-токтому жана асыл тукум, үрөнчүлүк чарба, жайыт жерлерди натыйжалуу пайдаланууну трансформациялоо боюнча окутуучу атайын жумушчу топ Ак-Талаа районундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл чарба кызматкерлери, фермерлер, үрөнчүлүк чарбалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары менен окутуу өткөрдү.

Улан Казиев райондук агрардык өнүгүү башкаралыгынын башчысы (солдо биринчи), Улан Жылтыров-акимдин орун басары жана КРнын айыл чарба министрлигинин атайын жумушчу тобунун өкүлдөрү

Окутууга айыл өкмөт башчылары, фермерлер катышты

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматынын директору Айнур Кенжебаеванын маалыматына караганда жумушчу топ республиканын бардык аймактарында болуп, министрликте жүргүзулүп жаткан реформалар тууралуу маалыматтар беришүүдө.
Андан соң окутуунун катышуучуларын №309 токтом, 6% насыя, күрөөгө коюлуучу турак-жайлардын арзандыгы, аймакка бөлүнгөн каражат кабадар кылды.

Айнур Кенжебаева — №309 токтом боюнча маалымат берди (Жер жана суу көзөмөлдөө кызматынын директору солдо үчүнчү)
Окутуу насыя, жер, суу, жайыт маселелери боюнча суроо-жооп менен уланды. Фермерлер жана айыл өкмөт башчылары насыя алуудагы кыйынчылыктар, “кара тизме”, кезекке туруу өңдүү маселелерди көтөрүштү. Айтылган маселелерге тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү жооп беришти.

Жаңыл Мамытбекова -«Айыл банк» ААКнун Ак-Талаа райондук өкүлчүлүгүнүн регионалдык менеджери

Жыргалбек Үсөнканов ААК РСК банкынын Ак-Талаа филиалынын директору
Быйыл биринчи жолу дыйкан фермерлерге 6% насыя берилди. Төиөнкү пайыз менен берилип жаткан бул насыяны алуунун каалагандар өтө көп болгону менен “кара тизме” бир топ кыйынчылыктарды жаратты -дейт Айнур Кенжебаева. Ал эми «Айыл банк» ААКунн Ак-Талаа райондук регионалдык бөлүмүнүн менеджери Жаныл Мамытбекова тобокелчилиги жогору кардарларга насыя берүү үчүн жогору жактан бир негиз (основание) болуш керек дейт.
Барчын Мамытбекова