Мурун кышка азык катары үнөмдүү өткөрүлгөн согум тамак акырындык менен солгундап, ордуна көп чыгым менен согум шерине өтүүдө. Бул көрүнүш салттын түпкү маанисинен алыстатып, жаштар арасында практикалык баалуулуктарды унуттуруп баратат.
Кыргыз элинин кышкы турмушунда согум салты чоң мааниге ээ болгон. Мурда бул согум тамак деп аталып, кыштын алдында мал союлуп, эти аз-аздан бөлүштүрүлүп, дасторконго жайылып, бардык үй-бүлөгө жетчү жана чыгым минималдуу болчу. Кошуналар жана туугандар арасында согум тамак берүү– экономикалык жактан да туура, маданий жактан да баалуулукка толгон салт эле.
Акыркы жылдары «согум тамак» «согум шерине» дегенге айланып, көбүнчө шаан-шөкөт менен өткөрүлүүдө. Конокторду чакыруу, дасторконду кооздоо, казы-карта, чучук сыяктуу кошумча тамактар – чыгымды көбөйтүп, салттын түпкү маанисин сейрек колдонууга алып келди. Бул көрүнүш, айрыкча жаштар арасында популярдуу болуп, согум шерине – “маанилүү салт” катары кабыл алынууда. Бирок көп учурда шаан-шөкөттүн басымдуу болушу жана чыгымдын жогору болушу салттык баалуулукту солгундатып жатат.
Мурун согум тамак – кышка азык камдоо, эти экономдуу бөлүштүрүү жана туугандык байланыш үчүн эле уюштурулган. Азыр болсо согум шерине – көркөмдүк жана шаан-шөкөт үчүн өткөрүлүп, чыгым көп болгондуктан көп үй-бүлөлөр аны өткөрүүдөн тартынууда. Андыктан акыркы бир-эки жылдын ичинде «согум шерине» тамагын берүү да азайып бара жатат. Бул айыл тургундарынын экономикалык сабаттуулугунан кабар берүүдө жана бул салттын мааниси жоголуп бара жаткандыгын көп адам түшүнүп жаткандыгында.
Салттын солгундашын азайтуу үчүн чыгымды азайтып, мурунку согум тамактын бөлүштүрүү жана экономдуу ыкмаларын колдонуу керек. Жаштарга согум шерине аркылуу гана эмес, мурунку согум тамактын баалуулугун үйрөтүп, экономдук жана маданий маанисин түшүндүрүү зарыл. Биргелешип өткөрүп, дасторконду жана чакыруу санын үй-бүлөнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша пландоо – салтты сактоонун жана чыгымды башкаруунун жакшы жолу.
Мына ушундай жол менен согум – кышка азык, туугандык жана маданий салт катары сакталат, бирок чыгым көйгөйү менен бирге жаш муунга да туура жеткирилсе гана салт солгунсуз жашайт.
Бурул Майрамбек кызы