Нарын облусунун Чолпон айыл аймагында тургундарды кургак учукка каршы алдын ала текшерүү иштери жүрүүдө. Быйылкы профилактикалык иш-чаранын башкы өзгөчөлүгү — оорунун белгилерин аныктоодо жасалма интеллект технологиясы колдонулууда.
Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун адистери Чолпон айылынын тургундарын акысыз профилактикалык кароодон өткөрүүдө. Иш-чаранын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, быйыл заманбап аппараты колдонулууда.
Бул жабдык жөн гана сүрөткө тартпастан, жасалма интеллект (ЖИ) системасы менен жабдылган. Программа тартылган рентген сүрөттөрүн автоматтык түрдө анализдеп, патологиялык өзгөрүүлөрдү дароо аныктайт. Бул ыкма:
• Диагноз коюунун тактыгын жогорулатат;
• Адам факторунан кетиши мүмкүн болгон каталарды азайтат;
• Текшерүү процессин бир топ тездетет.

Чолпон айылынан 81 кишини ренгенден өткөрүштү
Бул маанилүү ишти борбордун тажрыйбалуу кызматкери, 1984-жылдан бери медицина тармагында эмгектенип келе жаткан Турсунбек Асыпбаев жетектейт. 42 жылдык тажрыйбасы бар адис технология канчалык өнүкпөсүн, калктын өз ден соолугуна болгон жоопкерчилиги маанилүү экенин белгилейт.«Биз жыл сайын график боюнча облус аймагын кыдырабыз. Жаңы технологиялар ишибизди жеңилдетти, бирок эң негизгиси — ооруну эрте аныктоо. Эрте табылган дартты айыктырууга мүмкүн,» — дейт Турсунбек Курманбетович.

Тажрыйбалуу кызматкер Асыпбаев Турсунбек Курманбетович айыл тургундарын кургак учукка текшерүүдөн өткөрүп жатат.
Тилекке каршы, айыл тургундарынын арасында «оору табылып калса эмне болот?» деген кооптонуу менен текшерүүдөн качкандар да кездешет. Бирок дарыгерлер мындай коркунучтун негизсиз экенин эскертишет. Кургак учук — бул өкүм эмес, ал өз убагында дарыласа толук айыгуучу оору.

Эмне үчүн текшерүүдөн өтүү керек?
1. Акысыз жана жеткиликтүү: Атайын жабдык айылга чейин келип, кызмат көрсөтүүдө.
2. Эрте аныктоо: Оорунун алгачкы белгилерин ЖИ жардамы менен билип алуу — ийгиликтүү дарылануунун кепилдиги.
3. Коомдун коопсуздугу: Сиздин ден соолугуңуз — жакындарыңыздын коопсуздугу.
Нарын облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун адистери Чолпон айыл аймагындагы иштерин ийгиликтүү аякташты. Акыркы күндүн ичинде эле 81 тургун заманбап флюорографиялык текшерүүдөн өттү.
Бекитилген графикке ылайык, дарыгерлер тобу төмөнкү айылдардын тургундарын да толук камтып, текшерүүдөн өткөрүштү:
Туз айылы;
Ара-Көл айылы;
Оро-Башы айылы.
Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү — жасалма интеллект менен жабдылган жаңы аппараттын колдонулушу болду. Ал оорунун алгачкы белгилерин тез жана өтө так аныктоого мүмкүндүк берди.
Адистер акысыз жүргүзүлүп жаткан мындай текшерүүлөр ооруну алдын алууда чоң мааниге ээ экендигин белгилешип, жарандарды текшерилүүгө чакырат. Эми бул топ Нарын облусунун башка район-айылдарында план боюнча ишин улантат. Өз ден соолугуна кайдыгер карабаган ар бир жаран үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк. Эсиңизде болсун, ооруну эрте аныктоо — ийгиликтүү айыгуунун кепилдиги!
Даярдаган: Илима Жумабаева, Гүлира Сатарова.