9-май Жеңиш күнүнө карата Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү.
Маалыматка ылайык аталган айылдын айыл өкмөтүндө согуш ардагерлерине багышталып куран окутулуп, аларга арналган эстеликке гүл чамбар коюлду. Эскерүүгө айыл тургундары, депутаттар, айыл өкмөттүн кызматкерлери катышышты.
Ал эми Ача-Кайыңды айылы боюнча 4 согуш ардагердин жубайлары бар. Аларга айыл өкмөт Адилет Жумалиевдин атынан 2000 сомдук печка белекке берилди. Белектерди үйлөрүнө барып тапшырып, каалоо-тилектер айтылды.
Асел Үркүнбаева