Сокулук районундагы Орок айыл аймагындагы Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясынын тарых мугалими сынакка катышып өз тажрыйбасына салым кошту.
Сокулук районунда салтка айланган «Жыл мугалими 2022» сынагы 20-22 апрель күндөрү өттү. Сынакка райондун 14-мектептин мугалимдери жана 3- бала бакчанын тарбиячылары катышты. Катышуучулар үч күн ичинде ачык сабак өтүп, эссе жазып, предметтик тест тапшырып, модератордун даярдаган кырдаалга байланыштуу суроолоруна жооп берип, сахнада өзүн-өзу тааныштыруу, иш алып баруудагы колдонгон окуу куралдарын көргөзмөсүн уюштуруп, чыгармачылык өнөрлөрүн күйөрмандарына тартуулашты.
Исабекова Берметкан тарых мугалими-
«Саламатсыздарбы, быйылкы 2021-2022 окуу жылында Сокулук районунун «Жыл мугалими 2022″ сынагынын катышуучусумун. Быйылкы өтүлгөн сынакка катышкан районубуздун ар бир мугалим күчтүү, ошондой эле сынактын жүрүшү да күчтүү болду. Ал эми калыстар тобу сынакка катышкан ар бир катышуучунун иштерин кылдаттык менен баалашты. Мен өзүмө керектүү көп нерселерди алдым. Мындан кийинки педагогикалык ишмердүүлүгүм үчүн чоң тажырыйба топтолду»,- деп өз оюн билдирип кетти.
Динара Султаналиева, Ууржан Молдокулов