2013-жылдын 20-ноябрында Ак-Талаа районунун Баетов айылында «Кызмат алуу укугуңузду пайдаланыңыз» аттуу ачык эшик күнү болуп өттү.
Баетов айылындагы аталган иш чарага Нарын районунун Куланак айылынын тургундары Осмонбек Өмүралиев жана Калназар Ипасов барып кайтышты.
Осмонбек Өмүралиевдин айтымында, алар ачык эшик күнүндө «коомдук адилеттикке жетүү үчүн ак ниет башкарууну илгерилетүү» деген программанын негизинде негизги маселелерди карашкан.
Азыркы күндөгү үй-бүлөдөгү көйгөйлөрдөн бири болгон зордук зомбулуктун алдын алуу боюнча «Мен жашагым келет» аттуу сценкаларды мектептеги жаштар театрынын окуучулары көрсөтүп, талкуу жүргүзүлдү. Буга кошумча кол-өнөрчүлүк боюнча да көргөзмө болуп, ага да катышып келдик. Бул ачык эшик күнү биринчи жолу өткөрүлүп жатканы менен өзүнүн максатына жетип, жакшы болду»,-деген оюн билдирди Өмүралиев.
Андан кийинки сөздү Калназар Ипасовго бердик.
«Биз Ак-Талаа районуна ачык эшик күнү боюнча семинарга барып келдик. Ал жактан өзүбүзгө көп, жакшы нерсени алдык десем жаңылышпайм. Ал жактан да тажрыйба алып, өзүбүз ушул Куланак элине дагы бышык, сапаттуу кызмат көрсөтөлү деп ойлоп жатабыз. Алардын мектебинде «Үмүт»жаштар театры бар экен»
«Ар кандай сценкаларды коюп беришти. Алардын өзгөчөлүгү артисттер гана ойнобостон, башкача кылып жасашыптыр. Биз өзүбүз менен сүрөттөрдү жана бизде жок көп нерселерди, өзүбүзгө тиешелүү иштерди ала келдик. Ошолорду биздин айылдагы калкка жайылтууну аракет кылып жатабыз»,-деп айтып берди Ипасов.
Авторлор: Газел Русланова, Жазгүл Кадыралиева, Перизат Кубанычбекова