Семинарга Нарын районунун Куланак жана Учкун айылдарынын тургундары жана Мобилдик жамааттык мулттимедия борборунун мүчөлөрү катышты.
Маалымат жыйынынын максаты боюнча Учкун айылынын башчысы Эркинбек Касымов төмөнкүлөргө токтолду.
«Негизги максатыбыз — тажрыйба алмашуу. Сизде бир тажрыйба болот, ал эми башкаларда башкача дегендей. Ушул маалыматтарды бир кабинетте отуруп алып жыйынтык чыгарсак. Мен ишенем дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз. Мекенибизге салым кошконго аракет кылабыз»,-деп сөзүн аяктады Касымов.
Андан кийинки сөздү Учкун айылынын орто мектеп директору Эшбай Токтобаев Казыбек Асылбеков улады.
Асылбеков алдыда Куланак айылы менен бирге долбоор жазып, иш алып баруу планы бар экендигин билдирди.
«Биз Учкун айылы ПРООНго долбоор жазып, Куланак айылы менен эки айыл биригип, чогуу иш алып баралы деген ойдобуз. Мисалы: азыркы кезде биздин өзгөчөлүгүбүз видеокамера менен иш алып барып, анын кандай иштешин билип калдык. Интернетке чыгарбай биз айылыбыздын тургундарына гана маалымат беребиз, ал эми Куланак айылынын жаш журналисттеринин өзгөчөлүгү маалыматтарды ошол замат интернет баракчасына жиберип турушат»-деди Асылбеков.
Автор: Жазгүл Кадыралиева, Перизат Кубанычбекова, Мээрим Алмазбек кызы, Сезим Ажыбек кызы