22-23-майда Бишкек шаарында социалдык медиада контентти өнүктүрүү боюнча 2 күндүк тренинг өткөрүлдү.
Тренингге аймактагы 5 жамааттык медиа борборлордун жетекчилери жана Жамааттык Медианын командасы катышты.
Тренингдин алкагында катышуучулар соц тармакка кызыктуу, мазмундуу контент жаратууну, контент план түзгөндү, соц медиадагы катталуучулар менен байланыш түзгөндү, видео контент жасоо үчүн мобилдик тиркемелерди колдонгонду үйрөнүштү.

Тренер Элима Жапарова

Катышуучулар видео монтаж жасоону үйрөнүп жатышат

Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин башкы редактору Айзада Калканбекова жана аткаруучу директору Назира Жусупова


Тренер Исмаил Карыпов СММ, мобилография, социалдык медиада катталуучуларды көбөйтүү, сапаттуу контент жаратуу боюнча билимдери менен бөлүштү

Бул тренинг Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосунун алдында өткөрүлдү
