6-майда журналисттер «Бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнүнө” карата «Журналисттер аллеясында» бак отургузушуп, ишембилик кылышты.
Бул ишембиликке Жамааттык Медиа командасы дагы катышты.
Быйылкы ишембилик “Бизге басым кылып жатышат, журналисттер болсо көчөт отургузат” деген аталыш менен өттү. Анын катышуучулары өлкөдөгү маалымат каражаттары, журналисттер туш болгон соңку басымдарды токтотууга чакырып, журналисттерди тилектештик билдирүүгө үндөштү.