Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө коронавирустун «көрүнбөгөн» жаңы штаммы өтө тездик менен жайылууда. «Стелс-Омикронду» жуктургандардын катары күн санап калыңдап, бүгүнкү күндө Германия жана Кытайда өсүп жатат. Омикрон 30%га жугуштуу болсо, стелс-омикрон 80% тездик менен тарайт. Аталаган штамм туурасында кененирээк Республикалык ден-соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адиси Асель Акымбаева айтып берет.
Стелс-омикрон туурасында так эмнелер белгилүү болду?
— Стелс-омикрон биринчи Дания өлкөсүндө табылды. Бул омикрондун эле жаңы түрү жөнөкөй тил менен окумуштуулар баласы деп коюп жатышат. Анткени генетикалык жактан окшош. Бирок, андан дагы тез жукканы менен айырмаланат. Мисалга омикрон 30%га жугуштуу болсо, стелс-омикрон 80% тездик менен тарайт.”Стелс”-деп аталып жатканын себеби “куу”,”көзгө көрүнбөйт”-деген сөздөн алынган. «Стелс-Омикрон» ПЦР-тесттен аныкталбай калууда. Учурда дүйнөнүн 57 өлкөсүнө тарады. Мындан улам Кытайда кайрадан карантиндик чаралар көрүлүп жатат.
Оорунун белгилери кандай болот?
— Стелс-омикрондун белгилери мурдакы омикронго окшош эле болгон баш оору катуу болоорун жана дене табынын көтөрүлүүсү 2 күн түшпөйт экени айтылып жатат. Ошондой эле тамак оору, бөйрөк, бел тарап, муундар катуу оорушу мүмкүн көбүнчө ууланууга окшош. Вирус буга чейинки штаммдарга караганда кыйла активдүү, ашказанда көбөйөт. Тамак сиңирүү органдары, ашказан жабыркашы күтүлөт. Стелс-омикрондо мурдагы жоголуп баштаган жыт билүү, даам сезүү белгилери кайрадан катталып жатат.
«Стелс-омикронго» кимдер көбүрөөк кабылат?
— «Дельта» штаммы боюнча тобокел топко киргендердин баары. Жүрөк кан тамыр оорулары менен оругандар арасында оорураак өтүшү мүмкүн. Деги эле өнөкөт оорусу барлар үчүн кооптуe. Ошондой эле эмделбеген жарандар дагы ооруну жуктуруп алышы мүмкүн. Илдетке чалдыгып калса дагы оору оор түрдө өтөт.
COVID-19дан каза тапкандардын 65% жүрөк-кан тамыр ооруларынан жабыркагандар
Ковид-19: Ата-энелер эмнелерге көңүл бурушу керек?
Ковид-19га ПЧР-тест тапшыруу үчүн кантип даярдануу керек?
Айгерим Кубатбекова