Элет жеринде айылдык ооруканадан тышкары дагы адамдардын ден соолугуна кам көрүп келген ден соолукту чыӊдоо комитеттери иш алып барышат. Айылдагы адамдардын ден соолугуна кам көргөн Айылдык ден соолукту чыӊдоо комитети –бул ыктыярчылардын бирикмеси болуп эсептелет. Андыктан ушул айылдык ден соолукту чыӊдоо комитеттери кандай иштерди алып барышат? Мына ушул суроонун алкагында Суусамыр айылдык ден соолукту чыӊдоо комитетинин жетекчиси Чолпон Кулсариевага кайрылдык.
“Айылдык ден соолук комитети ар бир тургунга оорулар туурасындагы маалыматтарды жеткиребиз жана түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Суусамыр айылында айылдык ден соолук комитети 2008-жылдан бери иш алып барат. Ар бир айылда жетекчилер жана мүчөлөр бар. Бардыгы 13 адам эмгектенет. Мүчөлөр өз ыктыярлары менен иштешет. Ошондуктан айлык акы каралган эмес.
18 жаштан жогорку ар бир активдүү жаран мүчө болуп кире алат. Биз Райондук ден соолук комитетине ар бир кварталда отчет берип турабыз. Андан тышкары айылдык оорукана менен тыгыз иштешебиз. Бизге айылдык оорукананын ичинен бөлмө берилген. Ар бир мүчөнүн өзүнө бөлүнгөн аймактары, көчөлөрү бар. Айылдык ден соолук комитетинин жетекчилери ар бир айда семинарларга катышып келишет. Семинарларда ар кандай ооруулар туурасында маалыматтар берилип, китепчелер таратылат. Семинарда алган маалыматтарды элге жеткирип, китепчелерди ар бир үйгө таратабыз.
Биздин айыл бийик тоолуу болгондуктан, мүчөлөр бир айда бир жолу айыл тургундарынын кан басымын өлчөп каттап турушат. Эгерде кан басымы көтөрүлүп же түшүп кеткен болсо айылдык ооруканага жиберебиз. Андан тышкары айылдын тазалыгына, жашылдандырууга, кайрымдуулукка дагы көңүл бөлүп келебиз.
Биздин комитетте ортодо акча фондубуз бар. Ушул акчанын эсебинен ар кандай иштерге жардамдарды берип келебиз. Мектептерде ар кандай оорулар туурасында лекцияларды окуп келебиз. Жаштардын спортко кызыгуусуна дагы салымыбызды кошуп турабыз. Көптөгөн иш чараларды уюштуруп, катышып турабыз десем болот. Ковид убагында дагы оорукана кызматкерлери менен биргеликте элдин саламаттыгы үчүн активдүү иштедик. Эмдөө убагында дагы адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Айылдагы Суусамыр ФМ радиосуна дагы барып, оорулар туурасында маалыматты радио аркылуу элге жеткиргенге аракет кылабыз. Радиодо ыктыярчы катары эмгектенебиз.
«Менин ден соолугум» программасында ар жуманан шейшемби күндөрү эфирге чыгып келебиз. Айылдагы элдин саламаттыгы биз үчүн абдан маанилүү»-дейт жетекчи.
Азиза Тамчиева