Мугалимдин педагогикалык маданиятын жогорулатуу жана мугалимдер жамаатынын иштеринин сапатуу болуусу үчүн Гүлсина Капарова атындагы орто мектебинин администрациясы эс алуу убагына карабастан педагогикалык кеңешме өттү. Педагогикалык кеңешменин катардагыдан өзгөчөлүгү «Заманбап мугалимдин педагогикалык маданияты» жана ,»Окуучуларга билим берүүдө класс жетекчинин ролу» аттуу темаларда тренинг өтүштү.
Мугалимдер тренинг учурунда
Тренингдин жүрүшүндө ар бир усулдук бирикме өз өзүнчө топ болушуп, төрт топту түзүштү.
Топко бөлүнүп иштөө
Окуу бөлүм башчысы Айдай Джолчубекова жагымдуу маанай ирээтинде ,»Мактангым деле келген жок, бирок айткым келди» көнүгүүсүн мугалимдер жамаатына бийиктикке чыгарып жасатты.
Андан соң А4 барактан ар бир мугалимге куурчактын сөлөкөтүн эч кандай калем сап, кайчынын жардамысыз, кол менен жасоосун көрсөтүп берүү менен жасатып, ар бир мүчөсүнө белгиленген сүйлөмдөрдү жазуусун сунуштады. Кызыгуу менен кагаздан куурчактарды ар түрдүү жасап, жасаган куурчактарды жактап бүтүшкөн соң, «Заманбап мугалимдин педагогикалык маданиятын» кандай болуусу керек деген темада багыт берилип, доклад окулуп, кесиптештерге тайпада иштөө үчүн ТСОнун жардамы менен ар бир тайпага тема бөлүп берилип, слайд көрсөтүлдү.
1 — топ «Мугалимдеги негизги сапат»
2 — топ «Мугалимдин педагогикалык сылыктыгы»
3 — топ «Мугалимдин көрүнүшү»
4 — топ «Мугалимдеги компоненттер» деген темада бирге ой толгоо жасашып, кагазга ойлорун түшүрүшүп, кесиптештер алдында топ башчысы чыгып презентация жасашты.
Экинчи этабы тарбия бөлүм башчысы Нуржан Усонкулова «Окуучуларга билим берүүдө класс жетекчинин ролу» деген темада тренинг өттү. Башында класс жетекчи окуучулар, ата — энелер менен иш алып баруудагы кадамдарды белгилеп кетүүчү доклад менен тааныштырды.
Андан соң ар бир топко класстагы болгон окуяны чагылдырып жазылган баракчалар тапшырма ирээтинде таркатылып, окуяны класс жетекчи катары кантип чечмексиз деген суроо узатылды.
Ар бир усулдук бирикме маселени чечүүнүн жолун талкуулашып, 1 — 2 — топ сүрөт аркылуу чагылдырышса, 3 — топ класстер ирээтинде, 4 — топ кыскача сценка менен көрсөтүп беришти.
Үчүнчү этабында окуу — тарбия бөлүм башчысы Айдай Джолчубекова, тарбия бөлүм башчысы Нуржан Усонкулова 3 — чейректин жыйынтык анализи менен эмгек жамаатына тааныштырышты.
Насаатчы мугалимдер жаш мугалимдер менен чейрек ичинде кандай иш алып барышты, жаш мугалимдер насаатчыларынан 3 — чейректе кандай иштерди үйрөнүштү жана алып барышты, доклад окуп берүү менен бирге слайд аркылуу көрсөтүп беришти.
Усулдук бирикменин жетекчилери 3 — чейректин жүрүшүндө алгылыктуу алып барган иштери, декада боюнча маалымат, өтүлгөн отурумдардын чечимдери, протоколдору менен тааныштырышты.
Бүбүсара Жалалова: «Педагогикалык кеңешме башталганда мектеп администрациясы бүгүнкү кеңешме кем дегенде 3, 4 саат болот дегенде, кан басымым көтөрүлө түштү. Өзүм да кан басымым көтөрүлүп зорго келдим эле, чыйпылдап ийдим. Өтүлгөн тренингдер жана жаңыча аты айтып жаткандай заманбап ыкма, көндүмдөрдү жасап, көрүп, аткарган соң кан басымымды ойлобостон ырахат алып олтурдум. Өзгөчө баса белгилеп кетүүчү көнүгүү «Мактангым деле келген жок, бирок айткым келди» аттуу көнүгүүнү жасоо болду. Бийиктикке чыгып мактангым деле келген жок деп коюп, мактануу бул чоң керемет сезимди туудурду. Бийик сахнага чыгып сүйлөгөндөй сезим жаратты. Мектептин администрациясына терең ыраазычылык билдирем».
Айдай Джолчубекова