“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фонду БУУӨП менен биргеликте 320 менти-шакирттерге жана 251 ментор-насаатчы менен STEMдеги аялдардын лидерлигин алдыга жылдырышты. STEM4ALL x Mentoring Her программасынын катышуучулары үчүн ийгиликтүү лидерликтин негизги принциптерин жана стратегияларын ачууга арналган лекциялардын цикли уюштурулду, алар STEM жаатында аялдарды жана кыздарды жетекчилик кызматтарга шыктандырууга жардам берет. Долбоор ментилерге тажрыйбалуу ментор-насаатчылардан кеңеш алып, тайм-менеджмент, лидерлик, эмоционалдык интеллект, сынчыл ой-жүгүртүү жана финансылык сабаттуулук негиздерин үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк ачты.
STEM4ALL x Mentoring Her демилгеси бул STEM чөйрөсүндөгү аялдардын алдындагы чакырыктарына жооп катары, байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратып, күчтүү колдоо системасын түзүү, технология, илим жана инновация жаатында ийгиликтүү карьера үчүн зарыл болгон “жумуш-жашоо” балансын аныктоого жана жумшак көндүмдөрдү (soft skills) өнүктүрүүгө багытталган.
Ментор-устаттар жана менти-шакирттер баалуу баарлашууларды өткөрүштү, бул тажрыйба жана билим менен натыйжалуу алмашууга өбөлгө түздү. Катышуучулар кесиптик максаттарына жетүү үчүн негизги кадамдарды аныктап, өнүгүү жол карталарын ийгиликтүү иштеп чыгышты.
Долбоордун маанилүү жетишкендиктеринин бири — катышуучуларга Stem4allmentoring Her санариптик эксперименталдык аянтчага кирүү мүмкүнчүлүгүн берүү болду. Бул платформа кыздар үчүн билим алуу жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аймактык менторлордун керектүү билимин жана колдоосун камсыз кылат. Эксперименттик долбоор «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун активдүү колдоосу менен Stem4allmentoring Her өз ишин улантат. Ошондой эле STEMди алга жылдыруудагы мыкты практикаларды белгилөө максатында STEM4ALL коомчулугунун шериктеш уюмдар «STEM4ALL Award 2024» аземи болуп өттү.
Иш-чара “STEM4ALL x Mentoring Her” долбоорунун аякташына арналып, анда программанын алкагында мыкты натыйжа көрсөткөн катышуучулар белгиленди. #STEM4ALL x Mentoring Her долбоорунун алкагындагы номинациялар:
Мыкты ментор-Нурайым Турусбекова
Мыкты менти-Камила Алишерова
Мыкты аймактык ментор-Айжан Сулайманова
Мыкты аймактык менти — Кызжибек Анарбаева
Мыкты ментор мотиватор — Улан Мамбетакунов
“STEM4ALL коомчулугунун” номинациялары:
STEM4ALL коомчулугунун мыкты өнөктөшү-Борбордук Шайлоо Комитетинин жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору.
STEM илгерилетүүдөгү мыкты тажрыйба- “Programmer Ayimdar” долбоору.
Мыкты билим берүү өнөктөш- И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети.
Жеңүүчүлөрдү аныктоо процессине көз карандысыз эксперттер, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин өкүлдөрү, КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, КРдагы БУУӨПтүн өкүлдөрү жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун өкүлдөрү катышышты.
Кыздардын кесип тандоосуна салым кошкон «Илимдеги Кыздар долбоору»
Айгерим Кубатбекова