Коомдун майыптыгы бар адамдарга оюн өзгөрткөндү кичинекейинен баштап, тарбиялаганда баардык процесстерге майыптыгы бар адамдарды катыштырып, инклюзивдүү тарбия жана билим беришибиз керек.
Толугураак, аудиодон кенен угуңуз:
Майыптыгы бар адам укуктарынын илгерилетүү максатында жеткиликтүү чөйрөнү түзүү, инклюзивдик билим берүү иш менен камсыздоо өлкөдө өтө жакшы эмес экенин InKoom долбоорунун координатору Бактыгүл Исламбекова айтып өттү:
“Майыптыгы бар адамдардын арасында анализ жүргүзүп, жумушка кабыл алып жатканда, абдан көп кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз.Көбүнүн билими жок, мектепти дагы бүткөн эмес.
Ошондой эле, инфро түзүмдөрдүн жетишсиздиги,же башка ушундай тоскоолдуктардын баардыгы,коомдогу болгон көнүмүш адаттар, эң алгачкы чөйрөгө аралуушусун жана билим алуусуна тоскоолдук алып келет.
InKoom долбоорунун координатору Бактыгүл Исламбекова
Эшикке чыга албай же жанында бирөө колдоп жүрүш керек же болбосо коомдук иш чараларга катыша албайт.Эң алгачкы маанилүү маселелерди инфро түзүмдөрдүн майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү эместиги”.
InKoom долбоорунун координатору Бактыгүл Исламбекова экономикалык жактан көз карандысыздыгы көтөрүү үчүн атайын Бишкекте жана Ошто азыр пилоттук долбоор туралуу маалымат берип кетти:
“Атайын аларды жаңы кесипке даярдап жатабыз. Жалпы Ош-Бишкектен жок дегенде 40 аял жумушка орношуп экономикалык жактан дагы өздөрүнүнүн көз карандысыздыгынын көтөрүп алат деген максаттарды коюп жатабыз. Биздин окууларга көбүрөөк Бишкектен 100 Оштон 100 аял катышып жатат”.
Анара Мааметова