Сүлүктүдө болгон окуя жөнүндө социалдык тармактардан алынган маалымат өзгөртүүсүз берилди.
Шаарга бет алардан бир нече күн мурун тиш доктурга кайрылгам. Кезек күткөнчө 1-2 саат убакыт бар…
Аны куру кетирбей өзүм менен китеп ала келгем. Кезек келди, кирдим. Врачтын биринчи берген суроосу мени таң калтырды: -Гимназияда окуйсуңбу?
-Ооба, гимназияны аяктадым.
— Гимназиянын окуучулары гана кезек күткөнчө китеп окуп отурушат…
Мына… Аябай сыймыктандым! Жакшы бир адат аркылуу өзүбүздү гана өнүктүрбөй, элге үлгү болуп, эң сонун стереотипти пайда кылыптырбыз…
Демек, ар дайым ар бирибиз китеп окуу аркылуу мектебибизди гана эмес, өлкөбүздү өргө сүрөп, башка мамлекетке барганда «Кыргызстандыксынбы, кыргыздын элдери дайыма китеп кармап жүрүшөт…» деген стереотипти жаратууга күчүбүз жетет! Жогорудагы маалыматты гимназиянын мугалими, Билим берүүнүн мыктысы- Дилара Шералиевага окуучулары айтып берген.
Даярдаган: Бакытбек Сапаркулов