Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде аралыктан окутуу мугалим-устаттарга, окуучуларга бир топ көйгөйлөрдү жаратты. Алыскы тоолуу аймактагы окуучулар интернет байланыштары үзгүлтүккө учураганда берилген тапшырмаларды убагында аткаруу мүмкүн эмес болуучу. Учурда салттуу билимге өтүп, кесипке үйрөнүүдө.
Аталган окуу жайдын “Ашпозчу” кесибинин студенти Адилет Абылгазиев өзү үйрөнө турган кесипке кызыгуу менен бирилүүдө. Буга чейин аралыктан окуп билим алса азыр тайпалаш кыздары менен бетме-бет жолугуп, таанышып кесипке үйрөнүп жаткан учуру. Адилеттин айтуусу боюнча:
«Мен окуп үйрөнүүчү ашпозчу кесиби болгону 10-айлык. Бул кыска аралыкта мен устатым Зейнеп Бекбоеванын үйрөткөн ар бир тамак аш даярдоо ыкмасын билүүгө аракет кылышым керек. Аралыктан окутуу учурунда, канча аракет кылсам да устатым жанымда болбогондон кийин аябай кыйын болот экен».
Азыр баарыбыз санитардык эрежелерди сактап, кесиптик билим алууга умтулуудабыз. Оорудан коркуп аракет кылбай, үйдөн чыкпай олтура берсек, бул кесипке кантип үйрөнмөк элек. Көп убактымды ашканада өткөргөнгө араке кылуудамын. Практикалык сабак учурунда көп нерсени үйрөнө алат экенмин. Лицейдин медайымы Айчүрок Байбосунова эже дайыма келип дене табыбызды өлчөп текшерип турат.”
“Ашпозчу” кесибинин устаты Зейнеп Бекбоева кесипке үйрөтүүдө көп жылдык тажрыйбасы бар устаттардын бири. Ал окуучуларын темирдей тартипке, тамак аштын калдыктарын көп чыгартпай үнөмчүлдүккө, тазалыкка, иреттүүлүккө дагы үйрөтөт.
«Өлкөдө таажы илдети курчуганы Кесиптик лицейдин окуучулары буга чейин аралыктан окуп келишкен. Алар окуу жайды көрбөй, мугалим-устаттарын тааныбай, телефондон сабак окушкан. Менин окуучуларым дагы алыскы аймактардан болушат. Азыркы учурда менин окуучуларымды, “Ашпозчу” кесибине үйрөтүүдөмүн. Окуучуларым лицейге келгени жатакана шаңга толуп, ашканада даамдуу тамак аштын жыты буркурайт. Ата-Энелеринин алдында жоопкерчилигим чоң болгондуктан санитардык талаптарды катуу сактоодобуз. Күн сайын эртен менен сабакка кирерде дене-табын текшертемин».
«Кесиптик лицейден биологиялык маданияттын ар түрдүүлүгүн үйрөндүм»
Турсун Омуралиева