15-декабрда К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинде «Журналистика жана коомчулук менен байланыш» бөлүмүнүн студенттери үчүн медиа-эксперт жана Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин башкы редактору Айзада Калканбекова «Кыргызстандагы Жамааттык Медиа» деген темада мастер-класс өткөрдү.
Мастер-класста Айзада Калканбекова Жамааттык маалымат каражаттарында иштөөнүн өзгөчөлүктөрү, түрлөрү, кантип иш алып баруу керек жана аны өнүктүрүү тууралуу айтып берди.

Айзада Калканбекова

Бишкек Гуманитардык университетинин 2-курсунун студенттери

Бул мастер-класс «Жамааттык Медиа» дисциплинасынын алкагында өткөрүлдү

Мастер-класстын соңунда интеллектуалдык оюндар өткөрүлүп, эң жакшы жыйынтык көрсөткөн студенттерге атайын белектер ыйгарылды

Бөлүм башчы Асел Эшимканова кызматкерлердин жана студенттердин атынан Айзада Калканбековага ыраазычылык кат тапшырды