“Кризистик коммуникация жамааттары» долбоору өлкөдөгү кризис учурунда 3 секторду бириктирип, коммуникация борборун түзүп, элге туура так маалымат берүүгө багытталган. Коммуникация борборунда жарандык, мамлекеттик жана медиа секторлору чогуу, биргеликте иш алып барышат.
Бул ирээт катышуучулар кризистик коммуникация жаматтарынын туруктуулугу, негизги процесстери, ролдору жана уюмдун дизайнынын принциптери, структурасы жана кантип иш алып барыш керек деген темаларда билим алышты.
Окутууну DW Академиясынын эл аралык тренери Лиана Хачатрян жана жергиликтүү тренерлер Чоробек Сааданбеков, Айчурек Усупбаева өттү.
Эскерте кетсек долбоордун катышуучулары Нарын областынын Кочкор районунда жайгашкан 4 жамааттык мультимедиа борборлордун жетекчилери, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жарандык активисттер.
Ошондой эле Бишкек шаарынан 2 көз карандысыз журналисттер.
Бул долбоор DW Академиясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.