Бул жылы Кыргызстанда ЮНЕСКОнун Алматыдагы кластердик бюросу жана БУУөП тарабынан ишке ашырылган “Онлайн коомчулуктун акселератору” пилоттук долбооруна Жамааттык медианын командасы катышкан.
Долбоордун алкагында Жамааттык ЖМКлар Бирлиги “Санарип светофор” онлайн марафонун өткөрдү. Марафондун алкагында:Паролду коопсуз коюу, эки факторлуу аутентификация, фишинг, антивирустук программалар тууралуу видеолор тартылып, соц тармактарга жүктөлгөн.
“Санарип светофор” марафону коомчулукта санарип сабаттуулукту жогорулатууга багытталган.12-декабрь күнү “Онлайн коомчулуктун акселератору” долбоорунун жыйынтыктоочу иш-чарасы өткөрүлүп Жамааттык ЖМКлар Бирлигине сертификат тапшырылды.