3-декабрь күнү «Чолпон» жамааттык мультимедиа борборунун кабарчылары жана жетекчиси Гулира Сатарова Бишкекте Жамааттык Медианын офисинде конокто болушту.

«Чолпон» жамааттык медиа борборунун кабарчылары
Жамааттык медианын журналисти Айгерим Кубатбекова кабарчыларга макала жазуунун стандарттары тууралуу маалымат берди жана кабарчылар кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

«Чолпон»ЖМБнын жетекчиси Гулира Сатарова

Кабарчылар
Ошондой эле СММ адиси Перизат Таштанова материалдарды соц тармактарга жайгаштыруу, бөлүшүү, контент жасоо боюнча маалымат берди.

Жамааттык медианын атынан кабарчыларга белектер ыйгарылды