30-ноябрь жана 1-декабрь күндөрү «Кризистик коммуникация жамааттары» долбоорунун 2-модулу өттү. Долбоордун алкагында жалпы 3 модуль каралган.
Эскерте кетсек “Кризистик коммуникация жамааттары» долбоору өлкөдөгү кризис учурунда 3 секторду бириктирип, коммуникация борборун түзүп, элге туура так маалымат берүүгө багытталган. Коммуникация борборунда жарандык, мамлекеттик жана медиа секторлору чогуу, биргеликте иш алып барышат.
Долбоордун катышуучулары Нарын областынын Кочкор районунда жайгашкан 4 жамааттык мультимедиа борборлордун жетекчилери, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жарандык активисттер. Ошондой эле Бишкек шаарында 2 көз карандысыз журналист, 2 көз карандысыз экономист, 2 Министрликтин өкүлдөрү катышышты.
Бул ирээт катышуучулар маек алууну жана билдирүүнү, маек алып жатканда эске алчу жагдайларды, аудиторияга эффективдүү маалымат жеткирүүнүн жолдорун үйрөнүштү. Ошондой эле теориялык алган билимдерин практика жүзүндө ишке ашырышты.
Бул долбоор DW Академиясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.