«Кризистик коммуникация жамааттары» долбоору өлкөдөгү кризис учурунда 3 секторду бириктирип, коммуникация борборун түзүп, элге туура так маалымат берүүгө багытталган. Коммуникация борборунда жарандык, мамлекеттик жана медиа секторлору чогуу, биргеликте иш алып барышат.
Семинарга Нарын областынын Кочкор районунда жайгашкан 4 жамааттык мультимедиа борборлордун жетекчилери, айыл өкмөтүнүн кызматкерлери жана жарандык активисттер катышышты. Мындан тышкары семинарга Экономика министрлиги жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү келишти.
“Кризистик коммуникация жамааттары” долбоорунун алкагында ар бир медиа борбор 4 ай ичинде райондук, облусттук деңгээлдеги социалдык, экономикалык абал, баалардын өсүшү тууралуу контент жасашат. Даярдалган материалдар kyrgyzmedia.kg сайтына жарыяланат.
Тренер Чолпон Узакбаева менен катышуучулар ортосунда кризистеги кыйынчылыктар жана тажрыйбалар тууралуу талкуу жүрдү.
Катышуучулар Чоробек Сааданбеков менен учурдагы кризис катышуучулардын күнүмдүк турмушуна кандай таасир тийгизгени боюнча талкуулашты.
Бул долбоор DW Академиясынын колдоосу менен ишке ашырылууда.