6-ноябрь күнү Бишкек шаарында Кыргызстандагы Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлөрүнүн жалпы жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга өлкөнүн бардык аймактарынан Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин жетекчилери келишти.
Жолугушууда ар бир жамааттык медианын жетекчиси өзү жетектеген медиа борбор бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу презентация жасашты. Презентацияда өз көйгөйлөрү жана жетишкендиктери менен тааныштырышты.
Жолугушууда жамааттык медиалар арасындагы ички маселелер талкууланды. Жамааттык ЖМКлар Бирлиги менен мүчөлөрдүн ортосунда түзүлгөн келишимге эки тараптуу кол коюлду. Бирликтин юристи Советбек Дженалиев келишим менен катышуучуларды тааныштырды.
Жолугушууда 2023-жылга карата план түзүлүп, ар бир облустун кураторлорунун отчету угулуп, ой-пикир алмашуу болду
жана Жамааттык ЖМКлар Бирлигине жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу болуп өттү.