5-6 ноябрь күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстандагы Жамааттык ЖМК лар Бирлигинин жыл жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Бул иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлөрүнүн жетекчилери, кызматташкан уюмдун өкүлдөрү жана атайын коноктор келишти.
Быйыл 2022-жылы Жаматтык ЖМКлар бирлигине 15 жыл толду. Учурда Бирликтин мүчөлүгүндө Республика аймагында 27 жамааттык мультимедиа борборлор жана 3 үналгы өз ишмердүүлүгүн ишке ашырып келет. Конференцияны Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова ачып, 2007-жылдан берки жасаган иштери, жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Назира Жусупова
Жамааттык ЖМКлар Бирлиги ачылгандан бери туруктуу колдоп келген Deutche Welle Академиясынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Лидия Ранерт жамааттык медиалардын ишмердүүлүгүнө баа берип, мындан кийинки иштерине ийгилик каалады.

Deutche Welle Академиясынын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча координатору Лидия Ранерт

Конференция учурунан көз ирмем
2 жылдан бери Жамааттык медиалар менен муниципалитеттер арасында кызматташып ишке ашырылган «Ачык өкмөт» долбоору ишке ашып келет. Долбоор туурасында kyrgyzmedia.kg сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова айыл өкмөт башчылары менен панелдик талкууда сүйлөштү.

Айзада Калканбекова «Ачык өкмөт» долбоору тууралуу презентациясын айтып берип жаткан учуру

«Ачык өкмөт» долбооруна активдүү катышкан айыл өкмөттөр

«Жаратман» долбооруна катышкан медиалардын жетекчилери жасаган иштери тууралуу презентациядан көрсөтүп беришти
Аймактардагы мультимедиа борборлордун кабарчылары даярдаган аудисюжеттер УТРКнын «Биринчи радосуна» «Элеттен кабар» -уктруусунда жумасына бир жолу обого чыгып турат. Аудиосюжет даярдоого активдүү катышкан медиа борборлорго ыраазычылык кат тапшырылды.

КТРКнын башкы директорунун орун басары Улан Сатиев сыйлык тапшырып жаткан учуру
Жамааттык медиа студиясында ар дүйшөмбү сайын саат 13:00 до «Сак бол» программасы түз эфирге чыгат. Уктурууга активдүү катышкан дарыгерлерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Жарандардын саламаттыгына көңүл бөлүп, жакшыртууга «Сак бол» программасы аркылуу элди маалымат менен камсыз кылууга активдүү катышкан дарыгерлер сыйланды
Конференциянын биринчи күнү жыл жыйынтыгы чыгарылып, жылдын мыкты жамааттык медиа борбору аныкталды. Алар: Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунда жайгашкан “Тогуз-Торо” радиосу, Нарын облусунун Баетов айылында жайгашкан “Тун-ук” жамааттык медиа борбору жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан “Ооган-Талаа” жамааттык медиа борборлоруна атайын белектер ыйгарылды.

Жылдын мыкты жамааттык медиа борборлордун жетечилери: Гулназ Камбарали кызы, Барчын Мамытбекова жана Анара Мааметова

Конференциянын ар бир катышуучусуна белектер ыйгарылды