Валейбол ойноп жаткан мугалимдердин арасында мектеп директорлору, окуу бөлүм башчылары дагы бар.Бул тууралуу маалыматты Манас атындагы орто мектебинин дене-тарбия мугалими Гасидин Алдашев төмөнкүчө билдирди:
«Оюн кызыктуу өттү. Бардык командалар жакшы оюн көрсөттү. Мындай мелдеш жыл сайын өткөрүлүп турат. Оюндун аягында Манас атындагы орто мектебинин мугалимдери 1-орунду ээлеп, 20-апрелде өтүлүүчү региондук турга жолдомо алды»-деди ал.
Максаты мектеп мугалимдеринин ынтымагын бекемдөө, алака түзүү жана тажрыйба алмашуу болуп саналат.
Оюнга күбө болуп отурган Андарак 1 орто мектебинин 10-классынын окуучусу Хушбахт Төракулов өз оюн төмөнкүчө билдирди:
«Командалар жеңишке жетиш үчүн катуу атаандашып ойноду. Оюн кызыктуу болду».
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу