Бүгүн, 4- апрель күнү Талас шаарында жашстанчылар “Достук Кербенин” өткөрүштү. Бул майрамдык маараке өлкөнүн түндүк тарабын камтыган.
“Достук Кербени” 2018- жылдын 27-мартынан тартып, Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарында болуп өтту. Жыйынтыктоочу иш-чара Талас облусунда көрсөтүлдү. Иш- чарада агро бизнес, чыгармачылык, кулинария, спорт, өзүн- өзү өнүктүрүү көндүмдөрү боюнча мастер- класстар, мелдештер өткөрүлүп жана баалуу белектерге лотерея ойнотулду.
Негизги максаты, аймактарда тынчтык куруучу жаштардын арасында тажрыйба алмашуу болду. 9 тематика боюнча мастер- класстар жана жарманкелер көрсөтүлдү. Алардын ичинде: бизнести өнүктүрүү, лидерлик сапаттар, кино жаатында мастер- класстар, биринчи медициналык жардам көрсөтүү жана таэквандо спорт түрүнүн машыгуусу орун алды.
“Достук Кербенин” коноктору болуп, Талас облусунун башчылары, Талас шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардын тургундары, студенттер жана окучуулар келишкен.
“Иш-чара жалпысынан 6 облусту камтыган. Талас облусу боюнча 1000 адамдын катышуусун күткөнбүз, бирок ал санга жеткен жокбуз. Долбоордун инициатору биздин уюм болгондуктан бизден соң Токмок шаарында болот”,- деп бөлүштү Азамат Асейинов, Талас облустук жаштар кеңешинин программалык координатору.
Эскерте кетсек, “Достук Кербени” Талас Облустук жаштар кеңешинин, жергиликтүү бийлик жана БУУнун тынчтык куруу программасынын алкагында каржыланды.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова