Төлөк айылында «Фаризат» бала бакчасында 2 тайпа бар, жалпысынан 50гө чукул балдар тарбияланышат. Ал эми «Соң-Көл» орто мектебинде 320га чукул окуучулар окуп-тарбияланышат. 15-сентябрдан бери балдардын окууга келүүсү, бөбөктөрдүн бала бакчага тартылуусу жогорку деңгээлде.
Алгач «Фаризат» бала бакчасына барганыбызда, бөбөктөр жылуу, таза бөлмөлөрдө ойноп жүрүшкөн экен. Алардын ден соолугу жакшы экенин жүздөрүнөн эле билсе болот. Тарбиячылыр менен маектешкенибизде алар төмөнкүлөрдү билдиришти:
Индира Жеңишбек кызы кенже тайпанын тарбиячясы
«Мен бала бакчасында көп жылдардын бери эмгектенем. Жыл өткөн сайын бакчага балдардын келүү саны көбөйүп жатат. Бүгүнкү күндө бала бакчага келген балдардын ден соолугу жакшы. Кенже балдар болгондуктан айрым учурда чүчкүрүп калышат, аларды үшүп калган жокпу деп дароо көзөмөлгө алабыз».
Кымбат Райымбек кызы бала бакчанын тарбиячысы
«Балдардын ден соолугу жакшы. Күнүгө эртең менен биздин медайым температурасын, тамагын текшерип ата-энелерден өткөрүп алат. Кокус сыркоолоп калганы билинсе дароо ата-энелерге байланышып, айылдык дарыгерге баруусун сунуштайбыз. Бүгүнкү күндө балдар толук келип жатышат, оору-сыркоодон алыспыз.»
Ал эми «Соң-Көл» орто мектебинин мугалимдерине, окуучуларына кайрылганыбызда алар төмөндөгүдөй деп өз ойлорун билдиришти:
Азамат Райымбек уулу дене тарбия мугалими
«Балдардын ден соолугу жакшы, дене тарбия сабагына активдүү катышып жатышат. Балдар толук келип жаткандыктан чукулку арада спорттук лигага катышалы деп даярданып жатабыз. Бул лига чоң масштабда өткөнү жатат, буюрса биздин балдар ийгилик жаратат деп ишенем. Активдүү катышалы деп балдардын ден соолугун тилеп жатам.»
Индира Шайымбек кызы биология жана химия мугалими
«Мен 9-класстын класс жетекчисимин. Учурда 9-класста 23 окуучу окуп билим-тарбия алып жатышат. Окуучулардын ден соолугу жакшы. Окуучулар өткөн жумада бир аз сыркоолоп бирин-эки сабакка келбей жатышты, эле бул жума толук келе башташты. Сыркоолоп калганы күн аябай суук болуп, суукка чалдыгып калышты окшойт. Айылдык дарыгерлер дагы улам ден соолуктарын сурап, текшерип келип жатышат. Эң негизгиси балдар КОВИД-19 илдети менен ооруп калбаса экен.»
Нурболот Шамшыбек уулу 9-класстын окуучусу
«Бир жума мурун бир аз сыркоолоп сабакка келе албай жаттым. Дарыгердин көргөзмөсү боюнча дарыларды ичип дарыланып сакайып кеттим. Бүгүн болсо ден соолугум жакшы. Ооруп калбайын деп ден соолугума кам көрүп, оорудан сактанып жүрөм».
Жазгүл Муктарбек кызы 9-класстын окуучусу
«Бүгүнкү күндө ден соолугум жакшы. Мен негизи мектепке алыскы сарайлардан келем, андыктан мектепке чейинки аралыктын узактыгы менин ден соолугума жакшы таасир берет деп ойлойм. Анткени, көп басып келүү дене тарбиялык көнүгүүгө жатат деп билем. Окуу жылы башталгандан бери оору-сыркоодон алысмын.»
Малик Абдымамытов 11-класстын окуучусу
«Ден соолугум жакшы. Классташтарым да ооруган жок. Баарыбыз окууга толук келип жатабыз. Биздин ден соолгубузга үйдөн ата-энелерибиз да кам көрүп кабатыр болуп жатышат, бизди оорубаса экен деп. Сыркоолоп калбайлы деп биз да айрым эрежелерди сактап жатабыз.»
Нураида Кубанычбек кызы 9-класстын окуучусу
«Менин ден соолугум жакшы. Күн жылуу болуп турганга балдар эшикке көп чыгып таза абада дем алып, көбүрөөк ойноп калышты. Өткөн жумада бир аз суук болуп, классташтарымдын айрымдары сыркоолоп сабакка келе албай жатышты. Бул жума болсо катыш жакшы, ооруп жаткан классташтарым жок. КОВИД-19 илдети окуучуларга жукпаса экен деп көп адамдар тилешет, эгер болуп кетсе мектеп жабылып калабы деп, биз да кабатыр болуудабыз.»
Айпери Марлес кызы
Элдин үнү: Аш-тойлор коронавирус оорусунун жайылуусуна себеп