Аба ырайынын сууктап жаткандыгына байланыштуу көбүнчө жаш балдар сасык тумоого кабылышууда. Учурда Суусамыр айыл аймагынын Тунук айылында эпидемиологиялык абал туруктуу.
Тунук айылдык ФАПтын мед айымы Анара Калысбекова жаш балдардын саламаттыгы тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:
Тунук айылдык ФАПтын мед айымы Анара Калысбекова
“Учурда Тунук айылында эпидемиялогиялык абал туруктуу. COVID-19 илдетине чалдыккандар азайды. Ал эми аба ырайынын суукташына байланыштуу, мектеп жашындагы жана ага жете элек жаш балдар, сасык тумоо менен кайрылышууда. Тунук айылында COVID-19 вируска кабылган балдар жокко эсе”.
Суусамыр айылдык оорукананын санитардык дарыгери Табылды Бөтөгөев айылдын жашоочуларын жаш балдардын келечеги үчүн вакцина алууга чакырат:
“Бүгүнкү күнгө чейин вакцина, вирустан сактануу чаралары тууралуу, айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Өзүңүздөрдүн ден-соолугуңуздар, жаш муундун келечеги үчүн эмдөөдөн өтүңүздөр. Вакцина боюнча суроо талаптар пайда болсо, Суусамыр айылдык ооруканага кайрылсаңыздар”.
Окуучулардын жана өздүк ден-соолуктарына кам көрүп мугалимдер дагы эмдөөдөн өтүшкөн. Бул тууралуу И.Бегимкулов атындагы орто мектебинин окуу бөлүм башчысы Миргүл Чупоева билдирди:
И.Бегимкулов атындагы орто мектебинин окуу бөлүм башчысы Миргүл Чупоева
“И.Бегимкулов атындагы орто мектебинде 220 окуучу билим алып жатат. Окуучулардын ден соолугу жакшы. Бардык санитардык эрежелерди сактоо менен иш алып баруу пландаштырылып, иштеп жатабыз. Жалпы мугалимдер жамааты 24. Анын ичинен 18 мугалим вакцина алды. Техникалык адистердин саны 14 адам , 8 адам эмделди. Кээ бири COVID-19 илдети менен ооруп айыгышкан. Вируска чалдыккандан соң 3 айдан кийин гана вакцина ала алат экенсиң. Алар дагы убагы келгенде эмдөөдөн өтүшөт деген ишеничтебиз. Бардык мугалим медкызматкелердин көзөмөлүндө болушууда”.
И.Бегимкулов атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу Асия Тынымбекова классташтарынынын арасында COVID-19 вирусуна кабылгандар жок экендигин жана окуу санитардык эрежелерди сактоо менен уланып жаткандыгын кабарлайт.
Айдана Токтобекова