Күн өткөн сайын ысыктын күчү кайтып салкындай баштады. Суук башталып от жакчу күн да алыс эмес. Быйыл кыш кандай болот, көмүрдүн баасы кымбаттайбы, электр энергиясын берүүдө үзгүлтүк болбойбу деген суроо ар бирибизди түйшөлтүп келет. Элет жеринде көпчүлүгү жумушсуз. Кышка даярдануу да бир топ түйшүк жаратат. Айыл тургундарынын кышка даярдыгын билүү максатында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.
Мелис Көкүмбаев-айыл тургуну, мурап
Айыл тургуну Мелис Көкүмбаев төмөнкүлөргө токтолду: «Мурап болуп иштейм. Айылга суу бөлүштүрүп берем. Быйылкы жыл кургакчылык болуп суу кеч кирди , ошондуктан көп кыйынчылык жаралды, таштак жерлер күйүп кетти. Былтыркыга караганда түшүм начар болду. Албетте, мунун баары арпа , буудай, чөптүн кымбатташына алып келди. Ал эми кышка даярдыгым боюнча айтсам эл катары арпа, буудай, картошка айдадым. Эң көйгөйлүү маселе бул көмүр. Азырынча көмүрдүн баасы белгисиз, айылга сатып келе элек. Тийиштүү адамдар көмүрдүн баасын көзөмөлдөп, кенен камсыз кылып беришсе деп айтат элем».
Замира Акматбекова-үй кожойкеси
Ушул эле айылдын тургуну Замира Акматбекова буларды айтып берди: «Үй кожойкеси катары балдарга витамин болсун деп жер-жемиштин кымбаттыгына карабай кышкыга салат жаап, шире даярдадым. Ун кылганга буудай, картошкабыз бар. Азырынча отун-суу камдай элекпиз. Көмүр маселеси түйшөлтүп атат, кышында светти маал- маалы менен берет деп атышат. Пандемия да баарыбызды түйшүккө салды. Бийликтегилер бааны көзөмөлгө алса жакшы болмок».
Рысбек Абдраев-айыл жашоочусу
Ал эми Рысбек Абдраев кышка даярдыгын мындайча айтып берди: «Кыштын камын азырынча көрө элекмин, күз мезгили болгондугуна байланыштуу талаа иштери менен алекмин. Түшүмдү жыйнагандан кийин аларды сатып, анан көмүр алсакпы деп турам. Кышында 3 тонна көмүр жагам, былтыр көмүрдүн баасы 3000 сом болчу, быйыл канча сомдон сатып алабыз азырынча белгисиз, себеби көмүр келе элек. Кымбатчылыктын себебин пандемияга байланыштуу деп ойлойм».
Гүлбарчын Кангелдиева-пенсионер
Гүлбарчын Кангелдиева мындай дейт: «Арпа, буудай, чөптөрүбүздү жыйнап алдык.Көмүр ала элекпиз, көмүр боюнча көйгөй жаралбаса экен дейм. Кышында 4 тонна көмүр жагабыз. Былтыр ушул маалда көмүр алып калчу элек, быйыл болсо көмүрдөн дайын жок . Светтин баасы да көтөрүлөт деп атышат. Тамак-аш боюнча маселе жок, аны өзүбүз камдап алдык.Мамлекет башчылары свет, көмүр маселесин чечип берсе жакшы болот эле. Калганын өзүбүз чечет элек.»
Негизинен айыл тургундарынын көйгөйлөрү окшош. Кимисине ушул суроо менен кайрылбайлык, бардыгы свет жана көмүр маселеси көбүрөөк түйшөлтөөрүн айтышты.
Бакыт Кожокматов