Айыл тургундарынын сууга чөгүү фактыларын болтурбоо максатында, Манас райондук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, атайын рейд уюштурду. Бул иш-чаранын максаты болуп, сууга түшүү сезонунда тургундарды маалымдоо. Рейд июль айында бир нече жолу өткөрүлдү.
Манас районундагы Чоң-Капканын түштүк жагында жайгашкан Таш-Көл аттуу жеринде эс алып жаткан тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле Талас суусунун жеегинде эс-алуучуларына, Чоң-Капканын конокторуна дагы маалымат жеткизилди. Коопту жерлерге, жетекчинин демилгеси менен атайын жарнактар, сууга түшүү эрежелери илинди.
Бул иш- чарада, ички-иштер кызматкерлери менен биргелекте Манас райондук администрациясынын башкармалыгы катышышты. Бөөдө кырсыкты алдын- алуу максатында, эл арасында түшүндүрүү иштери болду.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова