Эзелтен аталарыбыз уул баланы сүннөткө отургузуп келген, бул жөн гана ар бир мусулман уулунун парзыбы, же медицина жактан дагы пайдасы барбы? Кененирээк маалыматты биздин бүгүнкү материалда алсаңыз болот.
Кээ бири баланы үч жашка толгон соң сүннөткө отргузса, айрымдар бала төрөлөр замат отургузат. Баланы айрыкча 3-5-7 жашында отургузууга алып барышса, кээ бир ата- энелер бала төрөлгөн соң жети күндөн кийин алып барышат. Бирок жаңы төрөлгөн ымыркайды сүннөткө отургузуу коопту болуп эсептелет, себеби баланын организми толук кандуу оордуна келе элек жана кан уюу системасы жакшы иштей элек болот.
( Интернеттен алынган сүрөт )
Башында бала отургузуу салт болуп, милдеттүү түрдө отургузушкан, кийин медицина өнүкөн соң, медициналык жактан дагы бала отургузуу сөзсүз түрдө керек экендигин далилдещкен. Сүнөткө отургузуунун биринчи пайдасы бала гигиена жактан таза болуп, сезгенүүнүн алдын алат. Бул маселеге кенен кайрыла турган болсок. Баарыбызга маалым болгондой бала кичине кезинде жыныстык мүчөсүнүн башында аак өңдөгү кир топтолуп калат. Ал кир «смегма» деп аталат жана курамы май бези бөлүнүп чыгарган зат менен теринин түлөгөн клеткаларынан турат. Аны жууп турбаса ал жерге микробдор топтолуп,сезгенүү жаралып,оорулар келип чыгат. Экинчи пайдасы сексуалдык жашоого дагы таасирин тийгизет.
Дарыгердин айтымында сүннөткө отургузган соң кандай кам көрүү керек жараты айыккыча зеленка, левомеколь дарыларын сүйкөп, атайын кошулмалар менен жууп туруу керек.
Сүннөткө туура отургузуу туурасында Суусамыр айылдык ооруканасынын хирург- урологу Эрмек Төлөмүшов менен маек курдук:
-Баланы отургузуу канча жаштан болот?
-Баланы сүннөткө отургузуу биздин традиция боюнча 4 жаш, 5 жашта болот. Кээ бир учурда тез түрдө жасоого туура келет. Кандай учур десеңер медицина термининде айтканда «фимос» деп аталат. Баланын чочосунун башы үрпү жабылып заара шар чыкпай, кыргыз тилинде айтканда туттугуп деп коёт, балага ыңгайсыз болуп, ошол учурда баланы сүннөткө отургузууга туура келет. Дагы бир түрү бар ал «Парафимос» деп аталат. Кээ бир тентек балдар дагы бар чочогун ачып жаап, кайра жабалбай калкандарды «парафимос» деп коёт. Ошол учурда дагы тез арада сүннөткө отургузууга туура келет. Сүннөткө отургузууда ата-эне тарабынан дагы балага моралдык жана ошондой эле психологиялык жактан дагы даярдаш керек.
-Баланы отургузгандан кийин кандай кам көрүү керек?
-Баланы отургузууда негизи эки түрү бар. Мурда биздин чоң аталарыбыз маки менен кесип келген, больницада скальпель менен кесилип келген. Азыркы учурда лазер деген түшүнүк тарап калган. Лазер деген негизи жок, ал жон эле электро бычак. Жасаганда кан тамырлар күйгүзүлүп кетет кан акпайт. Анан дагы бала көпкө кыйналбайт. Операциядан кийин дарлыра сүйкөлүп турат, өзгөчө кароо керек.
Айзирек Жанышбекова