Күз мезгили келип, той-аштар көбөйүүдө. Массалык топтолуунун натыйжасында, өлкөдө вирус жуктурган адамдардын саны күндөн күнгө кошулууда.
Суусамыр айыл аймагынын 1-Май айылынын башчысы Сапарбек Кулболдиев коопсуздугу үчүн элди массалык топтолгон жерлерге барбоого чакырат:
“Суусамыр айыл аймагында азыр эпидемиологиялык абал туруктуу болууда. Күз мезгили келип той-аштар дагы көбөйүүдө. Элдерге тушүндүрсөң деле кыргызчылыка салып барып жатабыз. Той-ашка барганда адамга вирус жугуу коркунучу эселеп көбөйөт. Элдерге кайрыларым массалык топтолгон жерлерге барбоого аракет кылып, бул илдетти жеңип алалы. Жок эле дегенде санитардык эрежелерди сактайлы.
-Бир жолу колдонулуучу беткапты тагынып туралы.
— Колду антисептик каражаты менен дезинфекциялап турганды унутпайлы.
-Массалык топтолгон жерлерден аралыкты сактап тургула деп айтмакчымын. Бул нерселер оорудан сактануунун биринчи эрежелери десек болот. COVID-19 илдетинин симптомдору байкалса ооруканага кайрылып, эч ким менен аралашпастан дарылынып, сакайганга аракет кылалы”.
37 жылдан ашуун мед кызматкер болуп эмгектенген Суусамыр айыл аймагынын 1-май айылдык ФАПтын фельдшери Лида Аширбекова эл эмдөөдөн өтсө COVID-19 илдети азаят деген ишеничте:
Лида Аширбекова
“Коронавирус инфекциясы тууралуу айыл тургундарына түшүндүрүү баракчаларын таратып жатабыз, телевизордон деле пайдалуу маалыматтар көргөзүлүп жатат. Бирок дагы деле той-аш токтой элек. Балким баардык эл эмдөөдөн өтсө, вирустун жугуусу азайып калабы деген ойдомун. Учурда мед кызматкерлер, мугалимдер эмдөөдөн өтүштү. Жашы 50дөн ашып калган тургундар келип вакцина алып жатышат. Кээ бир элдер жалган маалыматтарга ишенишүүдө”.
Эскерте кетсек, Суусамыр айылдык ооруканасы толугу менен жылуулук менен камсыз болгон жана эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Суусамыр ооруканасынын башкы дарыгери Бурулкан Турдубекова билдирди.
Айдана Токтобекова