Пандемияга байланыштуу эки жыл окуучулар онлайн билим алып келишти. θлкѳбүздѳ эпидемиялогиялык абал турукташкандан соң, окуучулар 15-сентябрдан тарта салттуу билим алууга киришишти.
Азамат Кашкариев Суусамыр орто мектебинин окуучулары салттуу түрдѳ, бир мѳѳнѳттѳ окуп жатышкандыгын билдирди:
«Суусамыр орто мектебинин окуучулары 15-сентябрдан тарта салттуу түрдѳ билим ала баштады. Окуучуларга окуу пландын негизинде сабактар ѳтүлүп жатат, окуучулардын сабактарга катышуулары дагы жакшы.
Ал эми COVID-19 илдетине байланыштуу талаптар бул вакцина маселеси. Учурда Суусамыр орто мектебинде 37 мугалим, 17 техникалык персонал эмгектенет. 21 мугалим, 12 техникалык персонал эмдѳѳдөн ѳтүштү. Калган мугалим, тех персоналдар ковид менен оорушкан, белгилүү тастыктама справкалары бар. Алар дагы убагы келгенде эмдѳѳдѳн ѳтүшѳт деген ишенимдемин.
Окуучуларга дагы COVID-19 илдетине каршы талаптар бар. Медкызматкерлер иштеп чыккан алгоритмдин негизинде вирустан коргонуу, санитардык эрежелерди сактап жатышат. Ар бир окуучу бир жолу колдонулуучу беткап, антисептик колдонушат жана аралыкты сактап билим алышууда».
Cуусамыр орто мектебинин окуу тарбия иштери боюнча жетекчиси Гулмира Абдылдаева окуу боюнча тѳмѳнкүлѳрдү кошумчалады:
«Суусамыр орто мектебинде жалпы 430 окуучу билим алат. Салттуу окуу 15-сентябрдан тарта башталгындан тарта санитардык эрежелерди сактап окутуп жатабыз. Учурда окуучулар арасында вируска чалдыккандар жок».
Пандемияга байланыштуу кѳп убакыт окуучулар онлайн сабактарга кѳнүп калышты. Пандемиянын эрежелерин сактап мектепке барып билим алуулары кандай болуп жаткандыгын, Суусамыр орто мектебинин окуучуларынан сурап кѳрдүк:
«Салттуу окутуу учурда жакшы жүрүп жатат. Татыктуу билим алып жатабыз. Менин оюмча онлайн окутууга караганда салттуу түрдѳ окуган ыңгайлуу. Ал эми учурда классташтарымдын арасынан COVID-19 илдетине чалдыккандар жок, бирок мурда оорушкан. Вирустан коргонуу үчүн бардык санитардык эрежелерди сактап билим алганга аракет кылып жатабыз».
Иманжан Бегимкулов атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу Нурбол Алымбеков кѳп убакыт онлайн окутуудан кийин салттуу билим алуу кыйынчылык жаратпагандыгын айтат:
«Эки жылдык онлайн окутуудан кийин салттуу билим алууда эч кандай кыйынчылык деле билинген жок. Тескерисинче мектепке барып билим алуу окуучулар үчүн жеңил. Биз мектепте вирустан алыс болуу максатында ковидке каршы санитардык эрежелердин барын сактаганга аракет кылып жатабыз».
Айдана Токтобекова