Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектептин 4-классынын окуучусу Айгерим Байтерекова Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган көркөм окуу боюнча облустук сынакта баш байгени жеңип алган.
Сынакта Н.Жетикашкаеванын “Тилеймин тынчтык болушун” деген чыгармасын окуп, калыстардын купулуна толгон.
![20150416_111939[1]](http://tunukradio.kyrgyzmedia.kg/wp-content/uploads/sites/15/2015/04/20150416_1119391-300x169.jpg)
Кичине экенине карабастан Алтынай мектептеги бардык коомдук иштердин жигердүү катышуучусу. Мугалими Д.Молдошева: “Алтынай абдан зирек. Классстын алдыңкы окуучусу. Бизди жеңиши менен кубандырды. Эми сынактын республикалык туруна даярданып баштадык” дейт.
Даярдаган: Б.Мамытбекова