Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Куу-Майдан айылында жаз жарыш башталды. Жаз жарыш деп өзү эле айтып тургандай баардык Куу-Майдан айылынын тургундары талаа жумуштары менен жер айдап, үрөөн себе баштаган кездери.
Трактористтер тракторлорун оңдоп-түзөп быйылкы жер айдоо ишине киришишти. Жерлердин баары уйкусунан ойгонуп? элдерге жакшы түшум берели дегендей, айдалган жерлер баба дыйкандардын купулуна толуп, жакшы чыкты.
Техника өнүгуп, дыйкандардын баары илгеридегидей кыйналбай калышты. Илгери дыйкандар жерлерин ат менен айдап, ат менен жөөк алып абдан кыйналышчуу эле. Азыркы заманда техника өнүккөнүнө байланыштуу жерлерди тракторлор айдап, жада калса үч ишти бир алып кете турган техникалар да чыгып элдерге кызмат өтөөдө.
Мисалы картошка, жүгөрү эге турган тракторлор. Алар айдап баратып биринчи жөөк алып, андан кийин үрөөндү себип анын аркасынан көмүп, үч ишти бир алып кетет. Бул техникалар дыйкандарга өтө чоң жардам берүүдө.
Даярдага: Баяман Тойчубай уулу
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»