Андарак айылында үч жылдан бери пахта, жүн тытуу цехи иштеп жатат. Төмөндө цехтин башчысы Асан Марипов менен маегибизди сунуштайбыз.
— Ушул цех канча адамды иш менен камсыз кылат?
— Бул цех эки адамды камсыздайт. Бири пахтаны, бири жүн тытат.
— Бул жерге кайсыл жерлерден элдер келет?
— Андарак айылы жана Лейлек районунун көпчүлүк бөлүгү ушул жерге келип тыттырат.
— Аларды килограмын канча сомдон тытасыздар?
— Жүн 25 сом,пахта болсо 15 сомдон.
— Рахмат. Ишиниздерге ийгилик болсун.
Клооптун журналистика мектеби үчүн сынакка
Даярдаган: Камбар Асан уулу