Андарак айылынын тургундарынын көбү алма өстүрөт. Жемиште витамин көп болгондуктан, элдер да кызыгып алма бактуу болууну каалайт.
Сурамжылоодо айылыбыздын тургуну тажик улутундагы Абдилажон Азаматовго кайрылдык.
— Саламатсызбы. Алманы канча жылдан бери өстүрөсүз?
— Мен алты жылдан бери.
— Канча сомдон сатасыз?
— Чоңдорун 25-30 сом, кичинесин 15-20 сомдон.
— Канча түп алмаңыз бар?
— 43 түп.
— Бир жылда канча тонна алма аласыз?
— Эки тоннага жетет. Ар жылы ар кандай.
— Рахмат. Ишиңизге ийгилик болсун.
«Клооптун журналистика мектеби үчүн сынакка»
Даярдаган: Камбар Асан уулу