Токтояндык Адилет Аманбек уулу 9-класстын окуучусу. Өзү кичинекей болсо дагы азыртадан машинанын моторун жасап, ар кандай бузулган майда-чүйдө техникаларды жасоо менен алектенет.
«Мен түрдүү нерселерди оңдой берем. Мисалы эң биринчи өзүмдүн вилосипедиме күйгөн фара жасагам, кошунамдын бузук DVDсин оңдоп бергем, иниме жүргөн вертолёт жасап бергем», — деди Адилет.
«Мен окууну бүткөндө моторист болгум келет, анткени карбюратор койгонду жакшы көрөм. Биринчи жолу мен башкалардын жасаганын көрүп отуруп эле үйрөнүп алгам. Өзүбүздүн машинабыздын моторунун генераторун, карбюраторун, фарасын, стартерлерин жасагам», — деп билдирди Адилет Аманбек уулу.
«Мен учак, тикучак жасагым келет. Бирок ага мотор керек, издештирип атам. Бир жолу жасасам, учпай койгон, кайра учкандай кылып жасаганга аракет кылам», — деп бөлүштү жаш техник.
Адилет келечекте дагы ушул сыяктуу көптөгөн нерселерди жасап, аракеттерди көрүп, өнөрүн өркүндөтсө мындан да жаңы, жакшы техника ойлоп таап жасайт деп ишенебиз.
Даярдаган: Адина Осмонова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка