Ашыкча бир сом коротпой документтерин бүтүрүп жаткан эл кубанып рахматын айтып келет.
Т. Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысы Нурдин Мадимаров:
Бул проон менен жаны проекте иштеп жатабыз, ГРСтен, ЗАГСтан, ГОСрегстрдан ноокат районунун кызматкерлери биздин өкмөткө келип элге өз кызматтарын көрсөтүп жатышат, проон тарабынан ушундай кызмат көрсөтүлүп жатат.
Менин оюмча элге эн чон кызмат көрсөтүү болуп жатат. Биз ноокат районунун борборунан 45 чакырым алыстыкта турабыз, Мурун бир справка алыш үчүн ноокатка барышып бир күн убакты коротушса, азыр өзүбүздүн эле айыл өкмөтүбүздө проондун негизинен элге кенири кызмат көрсөтүлүп жатат.
Ал эми биз зданиясын даярдап бердик, бул проект элге жана айыл өкмөткө өтө жакты, өтө жакшы проект экен. Ушул проекттин жетекчилерине жана ушул проекти бизге өткөрүп берген Шарабидинге чон рахматымды айтам.
Ноокат райондук ЗАГС бөлүмүнүн жетекчиси Шакирова Салкынай Абдыгапыровна:
Т. Кулатов айыл өкмөтүнө 2-Сентябрьда келгенмин ошондон бери 42 жараанга күбөлүктөрдү бердим, ошондой эле Туулгандыгы тууралу жана никелешүү жөнүндө күбөлүктөрдү тапшырдым. Кулатов айылынын элдерида аябай ыраазы болушуп, рахматтарын айтышып кетишип жатат.
Катышуучу Таштемирова Үмүтхан:
Менин ажырашып келген кызымдын 3 айлык баласына метирке алалбай жүрөт элем, кудайга шугур айыл өкмөтүбүзгө кызматкерлер келип калган экен өзүбүздүн айыл өкмөттөн эле бүтүрдүм. Ноокатка барып бүтүргөнүмдө барыш, кайтыш жол акысы жана жеп ичкени кошулуп 300сом акча кетет эле.
Мына азыр эми бир сомсуз метирке алдым, жакшы болду ушул жерден бүттү, рахмат айтам айыл өкмөткө жана кызматкерлерге.
Катышуучу Айдарова Райхан:
Биздин Кулатов айыл өкмөтүнүн башчысына жана ушул проонду уюштуруп жаткан уюштуруучуларга чоё рахмат айтам. Мурда кичине эле бир документ үчүн жол кире кетирип убакыт коротуп ноокатка барып кезек күтүп ишибиз бүтпөй калчу эле, азыр кудайга шугур бүтпөгөн иштерин эл бүтүрүп алышып жатышыт. Рахмат айтам ушул жерде иштеп жаткан кызматкерлерге, эл аябай ыраазы айыл өкмөткө.
Катышуучу Ахметова Гулжан:
Ноокатка барып документ иштерин бүтүрбөй ушул жерден ишибизди бүтүрүп жатканыбыз мени кубантып турат. Көпчүлүк элге пайдасы тийип жатат. Ушуларга да чоё рахмат бир айдан бери элге кызмат көрсөтүшүп жатышат, иштерине ийгилик каалайм.
Катышуучу Максытова Мария:
Нурдин Мадимаров жаёы айыл өкмөт болуп келгенден бери кылган иштери аябай жакшы болуп келе жатат. Нурдин өзү дагы уюштургуч, элдин үндөсүн көздөп иш кылган жигит. Бул өкмөттөн көп нерселерди үмүттөнсө болот. Айыл өкмөттү мындан дагыда алдыга жылдырат деген ойдомун. Проонго дагы чон рахматымды айтам.
Даярдаган:
Хансарыбай Айбашов