Бүгүн радиомостун толкунунда ар жума күнү саат 12:40 та эфир толкунунан орун алчу» Айымдар сааты» болуп өттү.Бизде студияда ыр жазып жүрүп, укук коргоочу болуп танылдым деген мээнеткеч айым К.Р нын акыйкатчысынын Талас областы ыйгарым укутук өкүлү жана кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Момунтаева Арзыкан Күмүшбек кызы болду.
Кыргызстанда ал кишинин укугу канчалык денгээлде корголуп жатат, жана эмне себептен корголбой тебелендиде калып калган учурлар кездешип жатат, ушул жаатта маегибиз башталды жана уланды. Кыргыз элиндеги учкул сөздөргө токтоло кетсек «Аракет кылсаң берекет» демекчи бул Арзыкан эжекебиз аракеттин жана мээнеткечтин артында, эл арасында акын катары таанылып жүрөт эмеспи, демек акындык жаатта кандай натыйжага жетти ошол жөнүндө да маалымат ала алдык.Сөзүнүн соңунда жалпы кыргыз журтчулугун мээнеткечтикке жана илим-билимди терээң алууга үндөп өттү.Толугураак маалыматты биздин аудиофайылыбыздан уга аласыздар.
Дайындаган: Сабитова Чолпон.