2019- жылдын 5- июну Айт күнүндө Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн Төмөнкү Орок айылында болгон окуя бүткүл өлкөнү дүрбөлөңгө салды. Болгон окуя тууралуу айыл тургундары менен болгон маекти сунуштайбыз:
Ашырбаева Чолпон Төмөнкү Орок айылынын тургуну-
«Менин балам Жолдошбеков Равиль 5- июнда Айт намазга атасы байкелери достору менен кеткен. Мурун Айт намаз бүткөндөн кийин эле үйгө келчи. Мында көпкө жок болгондуктан сарсана болуп көчөгө чыккам. Көчөдөн карсам милиция кызматкерлери чогула баштаптыр. Ошол топ элдин арасына барсам уулумдун досун Тимур аттуу баланы сабап кетишиптир деди. Балам жанында жүргөндүктөн андан дагы чочуп сурагам. Көрсө менин да уулумду урушуптур. Азыркы учурда 3- Балдар ооруканасында дарыланууда,»- деп айтып кетти.
Мурсалов Гуммет Төмөнкү айылыны тургуну-
«Мен 1957- Орок айылында төрөлгөм үч кыз бир уулдун атасымын. Сегиз неберем бар. Айылдын элин баарын жакшы көрөм, мени да жакшы көрүшөт. Жакын кошунам Алишер, Сейдалиева Тунук туугандай катышабыз. Кыргыз же түрк деп улутка бөлүнбөй эле жашап келе жатабыз. Жаш муундарга акылыбызды айтыш керек. Балдарымдын баары Жалга барып окушкан. Жазуучу, акынмын 300дөн ашык ырым бар. Орус, кыргыз, түрк, азербайджан тилинде жазам. Кечээ күнү түрк элдеринин улуу Айт майрамында 14-15 жаштагы балдар мушташат. Билбейм эмне үчүн? Эмне? талашып урушушат. Биз бул жакка өз ыктыярыбыз менен келген эмеспиз. 1944- жылдары Сталин бизди бул жерге жөнөттү. Балалыгым Кавказда өттү, бирок баары бир деле чоң атам, чоң апам сагынып төрөлгөн жериме кайтып келдим. Ошондо мындай ыр жаздым:
«Осень, Кавказ холодно и дождь, над маленьким народам издевался вождь.
Мрачные тучи набегали как тень, и тихую деревню окружил канвой.
Слышен шум и собачий вой, привезли нас в Киргизию.
Тут люди добрые, дальновидные, мудрые, одели, обули, кормили нас.
Мой народ, братья киргизы не забудет вас,
Наверно от дальнейшей беды нас изберег дух твой дедушка Манас!
Манас бул кыргыздын атасы. Мен дагы өзүмдү Манастын баласымын деп санайм,»- деди ал.
Самига Абдырасулова Томөнкү Орок айылынын тургуну-
“Мен болгон окуядан жабыркаган Тимур аттуу баланын чоң апасы болом. Болгон окуяны толугу менен билбейм. Эрте маал жумушума кеткем, мага чоң уулум телефон аркылуу чалып баламды түрк улутунун жарандары сабап кетти деди. Уулума тез жардам чакырткыла деп айткам. Бирок милиция кызматкерлери келип баланы больницага алып бардырбай үйдө окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Жабыркаган неберем убакыт созулганга ары- бери кыймылдатып сүрөткө тартып, суроолорго жооп бергиче дагы кыйналган. Азыркы учурда деле неберемдин акыбылы оор, моюна моюнтурук кийгизип койгон,”- дейт.
Исмаилов Айбек Орок айылындагы Жаңы конушунун тургуну-
“Бул окуяны өз көзүм менен чет жактан көрдум. Кыскача айтканда, ар бир ата-эне өз балдарына туура тарбия берсе, кийинки муун ошол тарбияны көрүп өсөт. Биздин айыл өкмөттө көп улуттуу элдер жашашат. Улут жаман эмес адамдын өзундө туура эмес жүрүш- туруштар болуп жатпайбы. Соцтармактарда кыргыз улутунун өкүлдөрү түрк элин коркутуп үйлөрүн өрттөштү деген маанидеги видео, сүрөттөр жүрөт. Бул жерде эч ким эч бир адамдын үйүн өрттөгөн эмес жөн гана жыйылып турган чөп өрттөнүп кеткен,»- деп өз оюн билдирди.
Даярдаган: Динара Султаналиева