Түп районунда бодо малдын асыл тукумдук сапатын жакшыртуу максатында жүргүзүлүп жаткан жасалма уруктандыруу иштери алгачкы жыйынтыгын бере баштады. Учурда 2025-жылдын август айынан тартып жасалма жол менен уруктандырылган уйлардан алгачкы асыл тукум төлдөр төрөлүүдө.

Түп райондук ветеринардык кызматынын жетекчиси Марат Азаевдин айтымында, уйлар күрөң швиц, симментал жана абердин-ангус породасындагы асыл тукум букалардын уругу менен уруктандырылган.
«Жасалма уруктандыруу үчүн колдонулган урук жана суюк азот мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат. Ал эми фермерлер уруктандыруучунун кызмат акысы катары 1200 сом төлөшөт», — деди Марат Азаев.
Адистердин белгилешинче, бул ыкма бодо малдын асыл тукумдук сапатын жогорулатып, эт жана сүт өндүрүмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт.

Даярдаган; Муратбек Жумакадыров