Ысык-Көл облусунун Түп районунуна караштуу Талды-Суу айылында кош майрам белгиленүүдө. Талды -Суу айылынын 150 жылдыгы жана Мукай Элебаев атындагы орто мектебинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу маараке өттү. Мааракеде 82 жаштагы эмгектин ардагери Аскар Мамбеталиевди сөзгө тарттык. Ал Талды-Суудан кандай белгилүү инсандар тарых беттерине кандай санжыраларды жазып кеткенине токтолду.
Аскар Мамбеталиев 1939- жылы Талды-Суу айылында туулган. Персоналдык пенсионер. КРнын «Калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер», «Эмгек Кызыл Туу» ордени баш болгон Мамлекеттик бир нече даражалуу сыйлыктардын ээси. Ушул тапта Бишкекте жашайт. Анын айтымында Талды-Суу айылынан 1 Премьер-министр, 3 министр, вице-спикер, 10 дон ашык профессор, 10 дон ашык илимдин доктору, 47 илимдин кандидаты, 5 тен ашык генерал, 15 тен ашык полковник, 6 КРнын эмгек сиңирген мугалими, спорт чемпиондору, көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, журналисттер,манасчылар, композиторлор жана өндүрүштүн алдыңкылары чыккан.
Кыргызстандын биринчи Тышкы иштер министри (1946-1949), Кыргызстан Министрлер Советтинин төрагасы (1958-1961), Кыргызстан Жогорку Советинин президиумунун төрагасы (1953-1955), 1-жана 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси Казы Дикамбаев (1913-2010), Министрлер Советинин биринчи орун басары, Госпландын председатели, Жеңил өнө жай министри Бекжан Дуйшалиев (1920-1962),
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун катчысы Зууракан Иманкалыкова (1923-2011),
Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо министри, (1953-1985) 7 жыл Кыргыз Совпрофтун председатели болуп иштеген Батыш Салиева (1922-2015)
Легендарлуу парламенттин депутаты (1990-1995), Саламаттыкты сактоо министринин орун басары (1975-1982), Кыргызстан Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (1995-2005), профессор Сулайман Иманбаев;
Кыргызстандан чыккан биринчи стенограф, биринчи актриса, ардактуу профессор Айша Карасаева Султаналы кызы;
Кыргыздардан чыккан алгачкы кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Фатима Мамыралиева;
Кыргыз Республикасынын эл артисти, залкар манасчы Уркаш Мамбеталиев;
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, залкар обончу, актёр, куудул Экия Мукамбетов;
Экономика илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Аяткан Орозбаева;
Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Бейшен Турусбеков;
Жогорку Кеңештин депутаты (1995-2000), коомдук жана мамлекеттик ишмер, 3-даражадагы «Манас» орденинин ээси Жыпар Жекшеев;
Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиӊирген кызматкер, 3-даражадагы «Манас» ордени, «Даӊк» медалынын ээси Күлипа Жүзүмалиева;
Белгилүү журналист, «Азаттык» радиосунун Прагадагы бөлүмүнүн жетекчиси Венера Жуматаева
Түп районунун Токтоян айылында мектеп ишке берилди
Муратбек Жумакадыров