Кыргызстандык жаш режиссер Гулнара Айтмаматованын тасмасы Түркиянын “Генч илетишимжилер” фестивалында баш байгени багындырды. Тасма, “Тайгак жол” деп аталып, Ак-Сайда тартылган. Өткөн жылы дал ушул эле фестивалда Айтмаматованын “Ата конушу” тасмасы да биринчиликти багындырган.
Стамбулда өткөн бул иш-чарага бир нече өлкөдөн жаш режиссёрлор онлайн форматта катышкан. Калыстар тобу жеңүүчүлөрдүн ысымын 20-ноябрда жарыя кылды. Эмгектер ТРТ телеканалында көрсөтүлгөн. Ал эми алдыңкы үч байгелүү орунду кыргызстандык студенттер камсыздаган. Бул тууралуу фестивалда биринчиликти багындырган Гулнара Айтмаматова Жамааттык Медиага маек берип жатып билдирди.
— Фестиваль онлайн түрдө өттү. ТРТ каналы тарабынан уюштурулуп, түз эфир болду. Биз дагы түз эфир аркылуу көрө алдык. Башталганга чейин уюштуруучулар бизден видео кайрылуу сураган. Жарым финал өтүп жатканда алдыңкы 10 фильмдин катарына киргенимди билем. Бирок, бул жылы дагы биринчиликти камсыз кылам деп ойлогон эмесмин. Бир жума бою өткөн фестивалда 3 тасма тандалып алынган. Алардын кимиси биринчиликти багындыраары белгисиз болчу. Мен биринчилик болбосо дагы, экинчи, үчүнчү орунду алаарымды түшүнгөм. Эң кызыгы, ошол 3 орунду тең кыргызстандыктар алды. Барыбыз Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттерибиз жана барыбыздын тең көркөм жетекчибиз Молдосейит Мамбетакунов агай. Калыстардын берген баасына ылайык, Кыргызстандан катышкан тасмалар айырмаланып турат экен. Алар бизди мактады. Бул жерде агайыбыздын эмгеги зор экенини баса белгилегим келет.
Кыргыз киносун канчалык деңгээлде билесиз?
Фейсбукка биринчи тапшырганда эле ишке өттүм. Кыргызстандык Чолпондун ийгилиги
Касиет Кубанычбек кызы