Лейлек районунун Сумбула айыл округунун Манас орто мектебинде бүгүн бүткүл аялзатын куттуктап концерттик кутуктоо програмасы болуп өттү. Бул майрамдык кечеге мектеп окуучулары жана мектеп жамааты катышышты.
Бүгүнкү майрамдык кече аялдардын эл аралык 8-март күнүнө карата болду. Концерттик программаны мектептин чоң залында уюштурулду. Ага карата мектептин окуучулары ыр, бий тамашаларын даярдап келишкен.