Бүгүнкү майрамдык кече аялдардын эл аралык 8-март күнүнө карата болду. Концерттик программаны мектептин чоң залында уюштурулду. Ага карата мектептин окуучулары ыр, бий тамашаларын даярдап келишкен.
Майрамга карата балдар даярдаган слайд шоу көрсөтүү менен башталды.
Анда куттуктоо сөздөр жана эжелердин иш учурундагы сүрөттөрү көрсөтүлдү. Кийин 5-кластын бир нече окуучу балдары өзгөчө бийлерин, ырларын жана тамашаларын тартуулашты.
Андан соң, чоң класстардын окуучулары тамашоу аткарышып, көңүл көтөргөн тамашаларын тартуулашты.
Ыр ийриминин катышуучулары дагы эне, мугалим эжелер жөнүндө ырларын арнап ырдашып, каалоолорун айтып өтүштү.
Ошондой эле “Аванти” бий тобунун жетекчиси чыгыш бийин бийлеп берип көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрдү.
Р. Мамыралиев мектебинин бийчилери группа болуп «катюша» атуу чыгармасына бийлешти.
Сахнада актёрдук жактан дагы өнөрлөрүн көрсөтүштү. Мектеп директору Динара Жолдошбековна чыгып сүйлөп, майрамдык каалосун арнады. Көрүүчүлөрдүн саны көп болду, ошол эле учурда кирүү акысыз болду.
Бул кече жылда уюштурулуп келсе дагы мугалимдерге, окуучуларга жылуу маанай тартуулады. Кеченин уюштуруучусу Асанов Ырыскелди мектеп тарбия завучу буларды кошумчалап өттү.
“Майрамды уюштуруу менин жумушум, ошондуктан мен бул кечени жакшы аракет менен өткөргөнгө аракет кылдым. Балдар колдорунан келген баардык аракеттерин уюштуруп, жакшы өткөргөнгө аракет кылышты. Мен апаларга, биздин эжейлерге, карындаштарга, жалпы окуучу кыздарга ден-соолук каалайм, бактылуу болушсун, жакшы окушсун үй-бүлөсүндө тынчтыкта жашашсын!” — деп өз сөзүн толуктап кетти.
Биз дагы Р.Мамыралиев мектебинин мугалимдерин, окуучу кыздардын эл аралык майрамдары менен чын жүрөктөн куттуктап, жаз гүлүндөй жаркырап жүрүшүнө тилектешпиз.
Даярдагандар: Арслан кызы Эрмек, Сабырбекова Асель, Дастан Джаркымбаев.
Сынак үчүн