Жаздын эрте келгендигине байланыштуу айыл өкмөтүнүн буйрутмасы менен айыл жергесинде иш кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу айыл өкмөтүнүн орун басары Сайпидин Омурзаковдон маалымат алдык.
“Айыл өкмөтүндө жалпы айдоо жерлери 4238 гектар жер бар. 230 гекетары эгилди, анын 95 гектарына буудай, 135 гектарына арпа эгилди. 37 трактор 2 селка иштеп жатат”, — деп билдирди жер адиси.

Анын кошумчалашынча, дан эгиндери 975 гектарына арпа, 12 гектарына күрүч, 60 гектарына жүгөрү, 204 гектарын картошка, 130 гектарын жашылча жана дагы 60 гектарына май өсүмдүктөрү эгилмекчи.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Сынак үчүн