Лейлек районуна караштуу Андарак айылында жөлөкпул алабыз дегендер көп болууда. Социалдык коргоо боюнча адис учурда айылда 75 адам жөлөкпул алаарын айтты.
Жөлөкпул алабыз деп кайрылгандардын саны Сумбула айыл аймагы боюнча 2 миңден ашат. Алардын ичинен 75 гана алат. Бул туралуу социалдык коргоо боюнча адис Увайдуллаев Кутмат билдирди.
“Сумбула айыл аймагы боюнча пособия алабыз дегендер көп. Бирок алардын ичинен 75 алат. Көбү Андарак айылынын тургундары”, — деп билдирди ал.
Кайрылып келгендердин көбүнүн мал-жандыгы көп жана унаасы бар. Ошондуктан аларга берилбейт дейт ал.
“Элдин көбүнүн малы бар. Үйүнө барганда, алардын жашоо-шарты жакшы экенин көрөбүз”, — деп кошумчалайт адис.
Даярдаган: Камбар Асан уулу
Сынак үчүн