Лейлек районуна караштуу Андарак айылындагы Андарак айылдык милиция бөлүмчөсүндө компьютер жана унаа жоктугун айтат. Ачылганына беш жыл болсо, андан бери бир компьютер келип, ал да учурда бузулганын билдирүүдө кызматкерлер.
Милиция бөлүмчөсү мындан беш жыл мурда ачылган. Ошондон бери эч кандай унаа берилген эместигин айтат Болот Джаникеев.
“Көк-Таш айылындагы мектептерге баруу үчүн бизде атайын унаа жок болгондуктан жол узактыгынан кыйналып калабыз. Өкмөт тарабынан унаа берилсе бир топ жумуштар жакшырмак. Эгерде алыс жерде окуя катталса өзүбүздүн жаныбыздан каражат колдонуп, барабыз”, — деп билдирет инспектор Джаникеев.
Кызматкелер шаарга караганда, айыл жеринде иш жүргүзүү оңой экендигин айтууда. Бул жерге өкмөт тарабынан бир компьютер берилген, ал бузулаган.
“Биздин дагы бир көйгөй милиция бөлүмчөсүндө компьютер жетишпейт. Жети кызматкер болсо, отчёт бергенде катарга турабыз. Эч болбосо ноутбук берсе да болмок. Мына бул принтер өкмөт бергени иштебей калгандыктан, өз үйүмдөн алып келип иштетип отурабыз”, — деп билдирди милициянын ага лейтанаты Болот Халилович.
Бир инспекторго 15 миңдей адам туура келсе, бул жерде 7 кызматкер карайт. Алыскы айылдарга барууга өзүнүн акчасынан баргандыгын айтууда милициялар.
Даярдаган: Камбар Асан уулу
Сынак үчүн